Коом

Түркияда органын сатууга шектелген кыргызстандыктар кармалганы айтылууда

Түркиянын Стамбул шаарында кишинин органдарын мыйзамсыз сатууга шектелип 18 чет элдик адам кармалгандыгын «Анадолу» агенттиги жазды.

Иликтөө иштери органдарга муктаж болгон бейтаптын тууганымын деген чет элдиктердин шектүү көрсөтмөлөрүнөн кийин башталган.

«Текшере келгенде органын сатам дегендердин пациенттерге эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды. Кармалган 18 адамдын арасында Нигерия, Уганда, Грузия, Россия, Украина, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар», — деп жазды агенттик.

Кармалгандардын канчасы Кыргызстандын атуулу экени такталып жатканы маалымдалды.

Сурактан кийин сегиз киши эркиндикке чыккан. 10 адам сот алдына бара турган болгон. Анын ичинен бешөө камакка алынып, калган бешөө өлкөдөн сыртка чыкпайм деген тил кат менен кое берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button