Спорт
Айсулуу Тыныбекова алтынчы ирет Азия чемпиону болду

Ал финалда япониялык Сакура Мотоки менен кармашып 9:6 эсеби менен жеңишке жетти.
Бул жеңиши менен Тыныбекова Азиянын 6 жолку чемпиону болду. Буга чейин ал Азия биринчилигинде 5 ирет алтын тагынган, ошондой эле 3 жолу күмүш жана 2 ирет коло байге уткан.
Балбан кыз 62 кг салмак категориясында килемге чыгып келет.



