Себепсиз сабаган. Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган жаранды колго түшүрдү (ФОТО)

Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган жаранды колго түшүрдү, — деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-декабрында болжол менен саат 01:15 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Осмонкул көчөсүндө белгисиз жаран уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты такташкан. «1981-жылы туулган Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү 01:00 чамасында ошол эле даректен белгисиз жаран эч себепсиз арыз ээсин уруп, денесине зыян келтирип, андан ары качып кеткен. Кайгуул кызматкерлеринен ошол жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн», — деп айтылат маалыматта.
Ыкчам иш-чаранын негизинде кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган М.В. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.
