Окуялар
Официант кыздын зордукталышы: 20 жаштагы шектүү кармалды

Лебединовка айылындагы “Алтын казына” ресторанынын улук официанты 17 жаштагы кыздын зордукталышына шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-августта Аламүдүн райондук милициясына У.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган кызын 6-августтан 7-августка караган түнү белгисиз адамдар зордукталганын айткан.
Аталган арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалды.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен аталган кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш ишинин жүрүшү Чүй ОИИББнын башчылыгы тарабынан көзөмөлгө алынганы кабарланды. Учурда тергөө уланууда.



