Абакта жаткан күйөөсүнө акча алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды
Абакка акча алып кирүү аракети ачыкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 5-январында саат 12:25 чамасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан 10-мекемесинде, мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгон адамдын жарандык никедеги аялы мекеме жетекчисинин атына арыз жазып, жолдошуна 4 саатка кыска мөөтөттүү жолугушууга кирүүгө уруксат сурап кайрылган жана КРнын ЖАТнун ички тартибинин эрежелеринин 2-тиркемесинде белгиленген алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси боюнча таанышып, КРнын “жоруктар” жөнүндөгу кодексинин 166-беренеси жөнундө эскертилдим деп билдирген.
Бирок, ал жолугушууга кирип кетип жаткан жерден мекеменин тинтүү бөлмөсүнөн текшерген учурда курткасынын ичине бекитип, койнуна катылган кара түстөгү баштыкчанын ичинен жалпысынан Россия Федерациясынын 40 000 рубли жана Кыргыз Республикасынын 1300 сому акт түзүлүп алынды.
Бул факты боюнча маалыматтарды эсепке алуу журналына 05.01.2021-жылы катталып, топтолгон материалдар ЖАМКнын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча сотко чейинки териштирүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

