ӨКМ 8-12-июль күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар жерлерди тизмектеди

▪️ Баткен: Лейлек жана Кадамжай райондору
▪️ Ош: Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондору
▪️ Жалал-Абад: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондору
▪️ Ысык-Көл: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору
▪️ Чүй: Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондору
▪️ Нарын: Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондору
▪️ Талас: Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондору
Мындан тышкары, таш кулашы божомолдонгон жолдор айтылды:
▪️ Бишкек — Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426- чакырымдарында
▪️ Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 — чакырымдарында
▪️ Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 -чакырымдарында
▪️ Балыкчы — Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында
▪️ Талды-Суу — Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында
▪️ Ош — Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымында
▪️ Мырзаке — Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында
▪️ Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24- чакырымында



