Окуялар
“Хундай-Портер” унааларынын аккумляторлорун уурдагандар кармалды (ФОТО)

2021-жылдын январь айынын баштарында Кадамжай шаарында, Пульгон, Алга айылдарында “Хундай-Портер” унааларынын аккумляторлору түн ичинде уурдала башталган. Бул багытта Кадамжай РИИБнин КЖБРне Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренесинин (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) негизинде жалпысынан 6 арыз катталып, сотко чейинки жорук иши башталган.

Кадамжай РИИБнин “Укук тартип” операциясынын негизинде милициянын уполномоченныйлары тарабынан жогорудагы уурулук фактыларынын бети ачылып, уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилген.
Мындан сырткары операциянын жүрүшүндө Уч-Коргон жана Көтөрмө айылдарында уурдалган 2 факты мал уурулуктун бети ачылып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы