Окуялар

Адам өлтүрүүгө шектүү 62 жаштагы аял кармалды (ФОТО)

Адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 25-январда саат 20:05 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Каракум көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде “кишини бычак менен сайып салды” деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан жабыркап, 4-ооруканага алып кеткендиги белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Б.Т. аттуу аялды кармашып, Биринчи Май райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи Май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button