Коом
Коронавирус. 128 кишиден аныкталып, Бишкекте 3 бейтап каза тапты

Бир суткада 128 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда жаңы аныкталган учурлар аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 48,
Чүй облусу — 60,
Нарын облусу — 6,
Ысык-Көл облусу — 9,
Жалал-Абад облусу — 5 .
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.
Март айынан бери 84 миң 303 киши вируска чалдыгын, 1 миң 408 бейтап көз жумду.