Милициянын кайгуул кызматкерлери жол эрежесин сактоо боюнча мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери 18-январдан тартып жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1чи, 5чи, 9чу, жана 11 класстардын окуучулары окуп баштагандыктан, окуучулар менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнда кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарындагы №43 Толук эмес орто мектепке, №70 , №1 Гимназия-интернатына ,барып мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда атайын жаш балдар үчүн чыгарылган боёло турган анимациялык сүрөттөр чагылдырылган журналдар жана жаш балдардын ойлонуусуна, эстеп элестетүүсүнө жана жол белгилерин эстеп калуусуна түрткү берген сүрөттөр таратылды. Андан сырткары алгачкы класстын окуучулары менен үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташ керек, жөө өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек жана жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу маек курулуп, алгачкы класстын окуучулары менен жолдо жүрүүдө өзүн алып жүрүү маданияты тууралуу ой пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Мындан сырткары азыркы учурда Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаары боюнча 101 мектептин ар бирине бирден кызматкер бекитилип, мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо боюнча эрте мененки убакта окуучулар мектепке келүү учурунда мектептин айланасында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы