Саясат
Президенттин маалымат кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургазы Анаркулов ири өлчөмдө пара талап кылды делип кармалганы үчүн бүгүн кызматтан бошотулган.



