Окуялар

Январь айында Жалал-Абад облусунда өрттүн саны өстү

2021-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунда 50 өрт кырсыгы катталып (2020-ж. 23), 2020- жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 2,2 эсеге өскөн. Бул тууралуу КР ӨКМ Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болуп, 1, автоунаа, 31 тонна тоют жабкыркаган. Өрттөрдүн кесепетинен 1 млн. 966 мин 406 сомдук материалдык зыян келтирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 23 млн. 504 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Негизинен өрт кырсыктары (41 өрт, 82% %) турак-жай секторунда катталган.

Катталган өрт кырсыктары Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

— Жалал-Абад шаарында -6, (2020-ж.-4);

— Кара-Көл шаарында- 1, (2020-ж.-1);

— Майлуу-Суу шаарында- 4, (2020-ж.-1);

— Таш-Көмүр шаарында -2, (2020-ж.-2);

— Аксы районунда- 6, (2020-ж.-0);

— Ала-Бука районунда- 5, (2020-ж.-1);

— Базар-Коргон районунда- 2, (2020-ж.-2);

— Ноокен районунда – 6, (2020-ж.-4);

— Сузак районунда -7, (2020-ж.-5);

— Тогуз-Торо районунда -1, (2020-ж.-1);

— Токтогул районунда -6, (2020-ж.-1);

— Чаткал районунда- 4, (2020-ж.-1).

Өрттөрдүн негизги себептери:

— мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 18 (жалпы өрт кырсыгынын 36 %), (2020-ж.-3);

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 13 (жалпы өрт кырсыгынын 26 %), (2020-ж.-12);

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 2 (жалпы өрт кырсыгынын 4 %), (2020-ж.-1);

— балдардын от менен ойноосуунан – 7 (жалпы өрт кырсыгынын 14%), (2020-ж.-3) өрт кырсыгы болду.

Урматтуу жарандар! Өрттөрдүн келип чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

балдарды кароосуз калтырбагыла;

күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

Жогорудагы эрежелерди сактоо менен Сиз турак-жайынызды, мүлкүңүздү жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап каласыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button