Саясат
Нурланбек Тургунбек уулу: Бул жашоодо өзгөрбөгөн бир гана Куран бар

Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин таркашы тууралуу мурун айткан сөзүнө түшүндүмө берди.
«Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дейт. Мен айткан учурда мыйзам кабыл алынган эмес, президенттик шайлоонун да убактысы белгиленген эмес болчу. Кийин мыйзам менен бекитилди. Демек, өзгөртсө болот. Бул жашоодо өзгөрбөгөн бир гана ыйык Куран. Башкасынын бардыгын шартка, кырдаалга жараша өзгөртүүгө болот, андан кыйкым издештин кереги жок”, — деди ал.
Мунун алдын депутат Эрулан КокуловНурланбек Тургунбек уулун айткан сөздөрүнө жоопкерчиликтүү болууга чакырып, анын Жогорку Кеңеш тарабайт деген сөзүн эске салды.



