Коом

Бишкекте 2 миллионунчу жаран биометрикалык ID-карта алды

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык ID-картаны эки миллионунчу жаранга берди.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 5-февралда, эки миллионунчу Бектур Алибаев аттуу кыргызстандыкка идентификациялык карта салтанаттуу тапшырылды.

«Бектур Калкты тейлөө борборуна паспорт алууга жаш курагы жеткендиги боюнча документтерин тариздетүү үчүн кайрылган. Ал 17-февралда 17 жашка толот. Алгачкы ID-картасын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов тапшырды», — дешти Мамкаттоодон.
Белгилей кетсек, электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган. Долбоор KOICA (Korea International Cooperation Agency) менен биргеликте ишке ашырылган болчу. Корея тараптан электрондук улуттук күбөлүктүн программалык камсыздоосу иштелип чыккан, сервердик жабдуулар жана 1,9 миллион бланка берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button