Түркиялык компания Кыргызстанга күн энергиясын өнүктүрүүгө жардам берүүгө даяр

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков түрк компаниясы ZENA Elektrik ve Enerji Anonim Şirketiнын жетекчиси Йүксел Чагры Гюрсес менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди талкуулашты.
Конокторго өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, ошондой эле ZENA Enerji компаниясынын инвестициялык долбоорлорун колдоого даяр экендик ырасталды.
Йүксел Чагры Гюрсестин айтымында, Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышкандан кийин компаниянын өлкөдө долбоорлорду ишке ашырууга болгон кызыгуусу кыйла өскөн.
Жолугушуунун катышуучулары ишкердик байланыштарды активдештирип, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөнү макулдашышты.
ZENA Elektrik ve Enerji Anonim Şirketi кайра жаралуучу энергия тармагында, анын ичинде күн энергетикасы боюнча иш алып барат. Компания энергетикалык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо кызматтарын көрсөтөт.
Компания Түркияда бир катар энергетикалык долбоорлорду ишке ашырып, өнөр жай объектилери үчүн чатырга орнотулуучу күн электр станцияларын куруу боюнча тажрыйбага ээ.



