Жумуш берүүчүлөрдүн эсине: мыкты шартта эмгектенгиси келген адистер көбөйдү

Кыргызстандагы жумуш издөөчүлөрдүн 34 пайызы эгер ылайыктуу жумуш табылып калса чет өлкөлөргө кетүүгө макул экенин өздөрүнүн резюмесинде көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүндө жумуш таап берүү менен алектенген HeadHunter алдыңкы онлайн-платформасынын иликтөөсүндө айтылат.
Чет өлкөгө кетүүгө даяр болгондордун көрсөткүчү бул жылы байкалаарлык өскөн. Өткөн жылы бул көрсөткүч 27 пайыз болгон. Демек, кыргызстандыктар арасында эл аралык мүмкүнчүлүктөргө кызыккандар көбөйдү.
“Мындай чечимге келүүнү эмгектенүүнүн мыкты шарттарына жетүүгө умтулуу, жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү табуу каалоору шарттайт. Кыргызстандагы жумуш берүүчүлөр ушул тенденцияны эске алып жана таланттуу кызматкерлерди кармап калуу үчүн өздөрүнүн талаптарын ыңгайлаштыруусу керек.
Өлкөдөгү эмгек миграциясынын көбөйүшү квалификациялуу кадрлардын таңкыстыгын жаратышы мүмкүн. Айрыкча экономиканын маанилүү тармактарында.
Эми компаниялар кызматкерлерди тартуу жана кармап калуу үчүн эффективдүү стратегияларды иштеп чыгышы, ошондой эле өлкө ичиндеги жумуш орундарын атаандаштыкка жөндөмдүү кылышы керек.
Экинчи жагынан, кыргызстандык адистердин миграциялык умтулуулары аларга эл аралык аренада жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат, бул алардын профессионалдык өнүгүүсүнө жана жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошо алат”, — дейт аталган онлайн-платформанын маркетинг жана PR боюнча менеджери Рахима Махмудова.



