Сүйлөшкөн кызын сатып алуу үчүн жигитинен 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылган эки шектүү кармалды

ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз менен жаран А.Б. кармалып, “Малика” аттуу белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Анткени алар арыздануучунун сүйлөшкөн кызы үчүн 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылып, бирөөсү өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КИИББдин жана ИИКтин кызматкерлери арыздануучудан 25 миң сом акча каражатын алган жеринен Чүй облусунун тургуну 2004-жылы туулган М.С. (жалган милиция кызматкери) менен шаардын тургуну 1992-жылы туулган Т.М. кармашкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кыз уктап калган учурунда чала тааныштары жеңил акча табуу максатында кыздын жигитине чалышып, акча каражатын опузалап талап кылышкан.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.



