Окуялар

Милиция адам өмүрүн алган мушташтын катышуучуларын кармады

2021-жылы 11-февралында болжол менен түнкү саат 00:2 чамасында кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына 39 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун оор абалда жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон. Бул факты КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (Этиятсыздыктан ден-соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 5 жаран кармалды: Т.Б., Э.Б., Б.А., С.И., М.М..
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын Жаштык көчөсүндө орун алган кафелердин биринде жогоруда көрсөтүлгөн жарандар отурушуп, спирт ичимдигин ичишип, пикир келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button