Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 207 адамдан табылып, дагы 8 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 26-майга карата коронавирус дагы 207 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 102,
Ош шаарында – 8,
Чүй облусунда – 40,
Ош облусунда – 8,
Талас облусунда – 3,
Нарын облусунда – 8,
Ысык-Көл облусунда – 24,
Жалал-Абад облусунда – 11,
Баткен облусу — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 332 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 3, Талас облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 596 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 45 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1071 бейтаптын абалы орто оордукта, 424 адамдын абалы оор жана 85 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 618 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 549 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 207 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 765 киши айыгып чыкса, 1 миң 773 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button