Өспүрүмдүн кымбат телефонун тартып алган кылмышка шектүү жаран кармалды (ФОТО)

2021-жылдын 20-февралында болжол менен саат 21:05 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Көлмө жаңы конушунан уюлдук телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган Ч.у.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2003-жылы туулган Ч.у.К. аттуу инисин белгисиз жаран коркутуп, «Айфон 6 » үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Б.у.М. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИББгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы