Коом
Кыргызстанда эркектердин саны 40 жаштан баштап азая баштайт. Статистика

Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда эркектердин саны азайган курактарды эки топко бөлүп кароого болот. Алар 40 жана 80 жаш.
Жыл сайын эркектер көбүрөөк төрөлөт, тагыраак айтканда, 100 кызга 105 уул туура келет.
Бирок 40 жаштын тегерегинде эркектер азайып, аялдар көбүрөөк болуп калат. Ал эми 80 жашка жеткенде аял кишилер эки эсе көп болуп, 100 аялга 55 эркек киши туура келет.
Маалыматта эркектердин санынын мынчалык кескин кыскарышынын себептери айтылган эмес.



