Коом

Коронавируска каршы кайсы жерде эмделсе болот? Даректер

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде вакцинация кайсы жерлерде жасала турганын айтты.

Эске салсак, Кытай Кыргызстанга Sinopharm препаратынын 150 миң дозасын бекер берген. Ал 75 миң кишиге жетет. Аталган вакцинанын кыйыр таасири жок экени айтылууда.

Вакцина төмөнкү даректерде жасалат:

  • Бишкек шаарында №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда;
  • Бишкек шаарында №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (министрлик азырынча эки медициналык жай жетишерин айтып, кийинчерээк калган бириктирилген ооруканалар кошуларын белгиледи);
  • Чүйдө Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
  • Ошто №8 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда.

Андан соң ыкчам байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пунктулары уюштурула баштайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button