Коом

Шашылыш билдирүү! Синоптиктер аба ырайына байланыштуу эскертүү беришти

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 1-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

1-3-апрель күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт. өрөөндөрүндө -1…-3 градус, тоо этектеринде -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button