Коом

Кыргызстанда жер титирөөдөн кийин имараттар жаракат алды

Кыргызстанда 6-октябрда саат 02:29дар чамасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн турак-жайлар, мектептер жана социалдык объектилер жабыркаганын ӨКМ билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, алты турак жай, төрт мектеп, бир бала бакча, эки фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имаратында жаракалар табылган.

Ошондо эле, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Башкы-Терек айылында мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), үч турак-жай жараксыз абалга келген. Коргон-Сайдагы эки үйдөн, Курулушта бир үйдөн жана Чакмак-Суудагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имаратында жаракалар табылган.

Талас облусунун Шекер айылында жер титирөөнүн кесепетинен мектептин имараты жарактан чыкса, Семетей жана Жайылган айылдарындагы мектептер жабыркаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button