Коом

Кадамжайда баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

Кадамжай РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 2023-жылдын 11-январында Кадамжай районунун аймагында жаран “К” баңгизатты сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты Кадамжай РИИБде катталып, 2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Кадамжай районунун аймагында баңгизатты сатууга кардар издеп жүргөн жаран “К” атайын даярдалган жаранга баңгизат саткан. Бул баңгизатка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, эксперттин корутундусуна ылайык, ал “канабис чайыры” болуп чыккан.
Жогорудагылардын негизинде Кадамжай РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизат сатып жүргөн шектүү жарандын Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан үйүнө жана “Ош-Баткен” жолундагы ашканасына кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында аз өлчөмдөгү баңгизаттар табылып алынган. Бул баңгизаттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, “кургатылган марихуна” жана “канабис чайыры” баңгизаты экендиги аныкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде шектүү жаран 1970-жылы туулган И.К. кармалып, ага карата Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айлык мөөнөткө кармоо боюнча бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button