Коом
MegaCom менен «Оптима банктын» кызматкерлеринен коронавирус чыкты
MegaCom («Альфа Телеком») компаниясынын бир кызматкеринен коронавирус табылды. Муну уюлдук оператордун маалымат кызматы маалымдады.
Кызматкердин тумоо жуктурганы аныкталгандан кийин, ал обсервацияга жаткырылган. Ошондой эле компанияда иштеген дагы бир кызматкер коронавируска шектелип жатканы айтылат. Анын анализдери жакынкы аралыкта чыгат.
Ошол эле учурда «Оптима банктын» бир нече кызматкерине да коронавирус жукканы туурасында банк өзүнүн сайт аркылуу жарыялады. Илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондор карантинге жаткырылганын билдирди Банк. Алар кардарлар менен байланышта болушкан эмес.
Abal.kg



