ВИДЕО: Ооруканада бейтаптар уу коргошун менен дарыланып, сакайып чыгып жатышат

Кечээ КР Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев уу коргошун тууралуу коомчулукка маалымат берип, коронавирусту айыктырса болоорун айткан эле. Түз эфирде өзү да Ысык-Көл тамырынын кайнатмасын ичип, элге көргөзгөн. Министр бул дары кандай жасалаарын жана кандай колдонулаарын да элге сунуштаган. Бирок, коомчулукта ар кандай пикирлер жаралган эле.
Ал эми учурда уу коргошун менен чындап эле ооруканаларда дарылап, бейтаптар жакшы болуп, сакайып чыгып жатканын айтышты.
Токмоктогу аймактык ооруканада 2-апрелден тарта коронавируска чалдыккан бейтаптарга дарылоо ыкмасы катары уу коргошун берилип баштаган. Дарыгерлердин айтымында андан бери 22 бейтап айыгып чыккан экен. Бүгүнкү күндө алтымышка жакын бейтап дагы уу коргошун менен дарыланып жатат.
Кант шаарынын тургуну Бүбүзуура Сейдалиева Токмоктогу аймактык ооруканага коронавирус жуктуруп алып, оор абалда түшкөн. Дене табы көтөрүлүп катуу жөтөл менен келген бейтапка пневмония диагнозу коюлган экен. Бүгүнкү күндө Бүбүзуура Сейдалиеванын абалы жакшы. Анын айтымында 3-4 маалдан Ысык-Көл тамырынын кайнатмасын өз ыктыяры менен ичип, экинчи күнү эле абалы жакшырып калганын байкаган.
Сейдалиева Бүбүзуура, бейтап:
-Абдан оор абалда келгем. Башымды көтөрө албай калгам. Ооруканада доктурлар бизди жакшы карап, жакшылап дарылады. Ысык-Көл тамырын ысык кылып бергенден тарта ден соолугубуз оңоло баштады. Бутубуздан туруп калдык. Ага чейин баса да албай калганбыз. Температурабыз түшүп, басканыбыз жеңилдеп өзүбүздү жакшы сезип калдык. А түгүл дааратканага барганда заарабыз чыкпай жаткан. Бул тамырдын кайнатмасын ичкенде кадимкидей жеңилдеп, өзүбүз да оңолуп калдык. Экинчи күнү ичкенде эле ден соолугубуз кадимкидей жакшырганы байкала баштады,- деди Сейдалиева.
Бул оорукана алгачкылардан болуп элдик медицинадагы уу коргошунду, башкача айтканда Ысык-Көлдүн тамырын коронавирус жуктурган бейтаптарга бере баштаган. Дарыгерлердин айтымында 15 күндөн бери бейтаптардын арасында уулануу сыяктуу терс таасирлер байкалган эмес.
Бул видеодо Токмоктогу аймактык ооруканада Ысык-Көл тамыры менен дарыланып, сакайган бейтаптардын ыраазычылыгын уксаңыздар болот.



