Коом

Борбор калаада күндө коомдук транспорттон 10дон ашык жүргүнчүгө айып салынууда

Күн сайын коомдук транспорттун 10дон ашык жүргүнчүсүнө айып салынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалымат боюнча, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана «Тулпар» компаниясы менен биргеликте коомдук транспортто жол кирени төлөөнү текшерүү боюнча рейддерди улантууда.

Аталган рейдде жол акысын төлөбөгөн жана талон албаган жургүнчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, Транспорт департаментинин коомдук транспортту инспекциялоо бөлүмү аркылуу протоколдор түзүлүп, 1000 сом өлчөмүндө айып салынууда.

«Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспортто накталай акча төлөгөндө, талон алууну унутпаңыз. Ар бир каттамдын өзүнчө номурдагы талону болот жана ал талондор кийинки каттамга жараксыз экенин эскертебиз»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button