Денис Бердаков Ысык-Көлдө оюн аймагын ачуу жөнүндө: Кыргызстанга акчалуу адамдар керек

Кыргызстанда казинолорго тыюу салынгандан бери өткөн алты жылдан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдүн Тамчы айылында кумар оюндарын ойноочу атайын аймакты түзүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырышты.
Саясат талдоочу Денис Бердаков бул кадамды республиканын туристтик тармагын, жалпысынан Кыргызстандын экономикасын колдоого багытталган деп эсептейт.
«Демилгечилер сунуштап жаткан бул вариантта Ысык-Көлдө негизинен чет элдиктер келип ойной турган атайын аймакты ачуу каралган. Ошондуктан ал жердеги оюнга кире турган босого абдан жогору, 500-1000 долларга чейин же андан да жогору болушу мүмкүн. Дегеле жакшы делинген казинолордо мындай босого абдан жогору. Ошондуктан бул вариант кризиске каршы абдан жакшы чара. Эмне үчүн мындай экенин түшүндүрө кетейин.
Себеби, көңүл бура турган болсок, өткөн жылы Ысык-Көлгө туристтердин келүүсү болжол менен 60%га төмөндөгөн. Коронавирустан улам кырдаал быйыл деле көңүл жылытарлык болбой калышы ыктымал, балким өткөн жылдарга караганда бул 30-40%га аз болуп калышы мүмкүн. Биз азыр көрүп турган кризистин айынан дүйнөдөгү массалык туризм олуттуу кыскарууда. Ошондуктан биздин өлкөгө, анын ичинде, Ысык-Көлдүн экологиясын сактап калуу үчүн бай туристтер керек. Адамдар келип көп акча коротуп жатышат. Бирок Ысык-Көлдө көз жоосун алган жаратылыштан башка көрө турган эч нерсе жок, өкүнүчтүүсү, ошол жаратылышты да пластиктер менен акыр-чикирге толтуруп бүттүк.
Аймак ачылса, ал жакка ойной турган акчалуу адамдар келиши мүмкүн. Кудайга шүгүр, жаныбызда миллиард калкы бар Кытай турат, ал жактагы адамдар да ойногонду абдан жакшы көрүшөт. Калктын санына эсептегенде, кытайлардын жашоо деңгээли эчактан бери эле Россияга караганда жогору. Ал жакта адамдар орточо бай турат, бирок ойногонду жакшы көргөн миллионерлердин саны абдан көп.
Ошол эле Макао (Кытай) кумар оюндары жаатындагы ишкерчиликтин жылдызына айланып, гүлдөп өнүккөн жана так ушундай ишкерчилик менен ондогон, жүз миллиарддаган долларларды иштеп табууда. Андыктан бул мыйзам мына ушундай вариантта абдан келечектүү жана бизге керек болуп турат.
2012 –жылы биз казинолордун баарын жаап салып андан эмне таптык? 15 миңден кем эмес жумуш орундарын, жүз миллиондогон салыктарды жана туристтердин кызыгуусун жоготтук. Утканыбыз эмне болду? Дээринен кумар оюндарга жакын адамдарды уттук, анткени кайсы жерде акча уттурат, аларга баары бир эмеспи. Интернеттеби, көчөдөбү, үйүндө отуруп алып кошунасы менен карта чабышабы, ойногон адам каалаган жерде ойной берет. Бактыга жараша, жаңы мыйзам долбоорунда бул жок. Эч ким бурч-бурчта мини-оюн клубдарын ачып, мектеп окуучулары 20 сом салып болсо да ойной берчү автоматтарды орнотолу деп жаткан жери жок. Улуттун саламаттыгына, саясий-социалдык абалга жагымсыз таасирин тийгизе турган нерселер жаңы мыйзамга киргизилген эмес.
Чет элдиктер үчүн ачылган кымбат, олуттуу казино – бул туруктуу иштеген, жогорку айлык акылары бар түшүнүктүү бизнес, ал республиканын экономикасына абдан жакшы киреше алып келет. Кеп мына ушул туурасында жүрүп жатат. Биздин күнөөбүздөн эмес, дүйнөлүк экономикалык кризистен улам биринчи кезекте өнөр жайдагы, туризм тармагындагы алынбай калган ири кирешелердин ордун кандайдыр бир жолдор менен толтурушубуз керек да. Муну депутаттардын сунуштап жатканы түшүнүктүү, анткени алар ишке муктаж болуп турган шайлоочуларын ойлоп жатышат. Ысыккөлдүктөргө болсо эс ала турган адамдар керек. Биздин туристтик тармакка, шоумендерге, ырчыларга, элиталык ичимдиктерди сатып жаткандарга сатуу рыногу керек, анткени мамлекет алардан акциз алып жатпайбы. Кыскарта айтканда, бизге акчалуу адамдар керек болуп турат», — дейт Денис Бердаков.



