Саясат
БШК дагы НДПКны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы дагы Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын (КЭДП) Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоо жарышынан четтетти.
Мындай чечим 24-апрелге караган түнү болгон БШК мүчөлөрүнүн отурумунда кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 19-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын добуш сатып алганы жана үгүт иштеринин жол-жобосун бузганы аныкталганын айтып жарыштан чыгарган. КЭДП бул чечимге макул болбой, Боршайкомго арыз жазган. Алардын даттануусун БШКнын жумушчу тобу карап чыгып Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жактырууну, ал эми КЭДП партиясынын берген арызын четке кагууну сунуштады. Натыйжада сунушту БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, экөө каршы добушун берди.



