Коом

Мурда адам өлтүрүп соттолгон. Ош шаарында 20 миң доллар коркутуп талап кылган жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы акчаны опузалап талап кылып жаткан  жаран кармалды.

Кылмышка шектүү Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ш.М.    адам өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган.  

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны «М» аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү  акча каражатын  бир нече күндөн бери «WhatsApp»  мессенджери  аркылуу опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.  Арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) белгилери менен кылмыш иши козголгон.

2-март күнү  саат 17.00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн  алып жаткан учурда Ош ШИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button