Коом

«Карбамид» түрүндөгү минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташып бара жаткан жүк кармалды 

Кыргыз Республикасынын УКМК Баткен областтык башкармалыгы коңшу мамлекеттер менен чек арадагы контрабандага каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 28-декабрында Лейлек районунун Кулунда а/а аймагында КР жараны 1991-ж.т. Мамалаев Таалайбек Мурадиловичдин башкаруусунда, 01KG861AJY мамлекеттик номерлүү «Рено-Магну» маркасындагы оор жүк ташуучу унаа кармалган, анын жүк бөлүгүндө эч кандай коштоочу документтери жок «карбамид» түрүндөгү минералдык жер семирткичтер болгон. Т.Мамалаев мыйзамсыз жүктөрдү жашыруу максатында аларды пресстелген чөптүн астына катып койгон.

          Белгилей кетсек, «Кольцо» транспорттук контролдоо постунда таразага тартууда жүк ташууга жол берилген нормасы 7 тоннага ашыра аткарылгандыгы аныкталып, ага байланыштуу 74620 сом штраф салынган.

          Өз кезегинде, 2022-жылдын 29-декабрында маалымат журналында  катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, жүктү алган адам Лейлек районунун Кулунду айылынын 1982-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ташматов Арсланбек экенин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Кольцо» стационардык постунда мамлекеттик органдардын кызматкерлери пара алган деп айыптаган жана контрабанда иш-аракеттерин жүргүзгөндүгү үчүн мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталды.

          Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button