Коом

Оштогу жаңы базарда орундуктар тар болуп калганбы?

“Ош шаарындагы жаңы муниципалдык базардагы орундуктар тар болуп калган” деп айтылып жаткан айрым пикирлерге Ош базар дирекциясынын жетекчиси Чыңгыз Шерматов жооп берди.

«Орундуктарды 6, 7 чарчы метр кылганбыз. Эл базарды жылдырып жатат десе, «Дордой» менен «Кара-Сууну» жылдырып жатат деп ойлоп жатат. Мурда ушундай сандыктар болгон. Бул 1 же 1,5 чарчы метр. Биз ошолорду 5 чарчы метр кылганбыз. Стандарт ошондой. Эң чоңдору 6 чарчы метр. Эл кайра-кайра мэрияга арыз менен кайрылып жатканына байланыштуу 5 чарчы метрди жок кылдык. 6-7 чарчы метр кылдык»,- деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button