Баткендеги талкаланган социалдык обьектилер, турак-жайларга келтирилген чыгымдарды саноо боюнча комиссия түзүлдү

КР транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин астында Баткен-Тажик чек арасында болуп өткөн чыр-чатактын кесепетинен социалдык объектилерге, турак жайларга келтирилген чыгымдарды саноо боюнча комиссия түзүлдү.
Комиссия өз ишин 2021-жылдын 3-майынан Баткен, Лейлек райондорунда баштады. Комиссияны министрдин орун басары У.Калманбетов жетектөөдө. Жеринде маалымат аэрофото, видео тартуучу аппарат менен чогултулмакчы. Комиссиянын астында келтирилген чыгымдарды эсептѳѳ жана кайра калыбына келтирүү үчүн долбоорлук сметалык документацияны түзүү турат. Аталган комиссия Баткен облусуна 2021-жылдын 2-майда чыгып кетишкен. Комиссия түзүлѳѳрүн 2021-жылдын 1-майында министр Г.Абдралиева ѳкмѳттѳ ѳткѳн брифингде кабарлаган эле.
Чыгымдарды аныктоо иштери аяктаганда кийин, кайра-калыбына келтирүү иштери башталат.
Эске сала кетсек Баткен облусундагы чек арадагы чыр-чатактын айынан мектептер, турау- жайлар, социалдык объектилер ж.б. жабыр тарткан.



