Коом
Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жарандын үй-бүлөсүнүн көчүп кетүүсүн талап кылышат

21-ноябрь күнү саат 11:00дө Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылында элдик жыйын болот.
Жыйындын негизги максаты 19 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген кишини өлүм жазасына тарттыруу жана үй-бүлөсүнүн айылдан көчүп кетүүсүн талап кылуу.
- Милицияга Масы айылындагы Алаш сайында кыз кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган. Алдын ала текшерүү иштери учурунда кыз киши колдуу болгондугу, маркум Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну, 1964-жылы туулган жаран кармалган.



