Коом

Камчыбек Ташиев 12 жылдык окууга өтүүгө каршы экенин айтты

Мектептердеги билим берүү өтө начарлап кетти. Ушул түйшүктү чечмейин башка системага умтулуунун кереги жок.

Жактоочулар 12 жылдык окууну «чет мамлекетке барып окууга ыңгайлуу болот» деп жатышат. Статистиканы карасак, бүтүрүүчүлөрдүн 3-5 %ы гана Европа, Америкага барып окушат экен. Калгандары КМШ мамлекеттеринде, өз өлкөбүздө эле жогорку билим алышат.

Финансы-экономикалык жагынан да өтө көп зыянга учурап калабыз. 30 миңден ашык кошумча мугалим, 200дүн тегерегинде кошумча мектеп керектелет.

Алдыңкы мектептерди жоюп, чабал мектептерге теңеп салдык. Бул да чоң көйгөй болду.

Билим берүү боюнча өтө кооптуу абалга бара жатабыз. Себеби ЖОЖдо окуу акча төлөө, зачётканы толтуруу жана кимдир-бирөөлөр үчүн байлык топтоо системасына айланды.

Университеттерге окууга барбай миграцияда же чет өлкөлөрдө жүрүп эле диплом алгандар көбөйдү.  Бул көрүнүш бардык ЖОЖдо кездешип жатат.

Ташиев ЖОЖ жетекчилерине ар бир жогорку окуу жай текшерилерин да эскерткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button