Коом

Кыргызстанда жазгы талаа иштери быйыл жай жүрүп жатат

Ушул жылдын 23-апрелине карата Кыргызстанда жалпысынан 375 миң гектарга жазгы өсүмдүктөрдүн уругу себилди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,4 миң гектарга же 10,4 пайызга аз.

Улуттук статистика комитети апрель айында аба ырайы туруксуз болгондуктан жазгы талаа жумуштары жайлап калганын билдирди.

Жазгы айдап-себүүнүн эң көп аянты Чүй облусунун чарбаларына туура келет же 42,3 пайыз. Ош облусунда 20,3 пайыз, Ысык-Көлдө 14,2 пайыз жана Жалал-Абад облусунда 13,8 пайызды түзөт.

Дыйкандар эң көп арпа, буудай, кант кызылчасын айдап, пахта эгишти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button