Коом

Кыргызстанда 2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду бекер алмаштыруу кампаниясы башталды

Кыргызстанда 2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду бекер алмаштыруу кампаниясы башталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Саат 07:30дан баштап Калкты тейлөө борборлору ачылды. Биз бардык борборлорду кыдырып, калкты тейлөө борборлорунда паспорт алмаштыруу кампаниясы кандай башталганына көз салдык. Жарандар келип паспортторун тапшырып жатышат», — деп жазды министр.

Кутнаева белгилегендей, паспорт алмаштырууга көбүнчө 2004-жылкы паспорт менен улгайган адамдар келишип, бул акцияга ыраазы болушууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button