Коом

Алсыз эркек аялдын алаасына асылып, ушак таратат

Кыргызстанда баш аламандык уюштурууга кызыкдар адамдар бар. Алардын максаты мамлекетти өнүктүрүү, стабилдүүлүктүү сактоо эмес, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашырып, эптеп эле бийликке жетүү.

Азыркы тапта мамлекетке тынчтык керек. Президенттин саясий атаандаштары аны алып түшүп, бийликке келүү үчун ар кандай жагымсыз иш аракеттерди жүргүзүп жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эл кайгырып, кан жутуп турган учурдан да алар пайда издеп, митингге тарапташтарын чыгарууга аракет кылышты. Колдоруна курал алып, Баткенге элди коргойбуз деп чыгышты. Бирок, ошол учурда Баткенге барчулар болсо алып кетели деген унаа келгенде бири да кирбей, артын карабай дыргаяктап качып уят болушту. Буларда бет деле жок окшойт,   Баткендин шылтоосу менен  мамлекеттин ичинде ызы чуу чыгарып, баш аламандык жаратып, бийликке келип алалы деген арам ойлору бар экени билинди.

Садыр Жапаровду Кыргызстан эли жапырт колдошту. Азыркы президенттин мындай кадыр баркына ичтери тарып, аны каралап, жамандап, ар кандай ушактарды да таратып көрүштү. Бирок Жапаров тууралуу жагымсыз жалган маалыматтар калың элдин катмарына сиңбей койгонун сезип эми аялына асыла башташты.

Албетте, азыркы учурда Садыр Жапаровго тиштери өтпөгөн айрым ыплас саясатчылардын жактоочулары  эми аялынын алаасына асылып, жалган маалыматтарды, ушактарды таратып жаткандарды эл жек көрүп жатат.  

Алсыз аялга асылып, жалган ушактарды тараткан адамдарга да Жараткандын жазасы бардыр!

Саясатта ишин сындасын, бирок, эч бир адам аялга жана анын үй-бүлөсүнө, жеке жашоосуна, аброюна шек келтирүүгө эч кимдин акысы жок. Мындай акмакчылык менен алар Садыр Жапаровдун аялын жаман көрсөтүшкөн жок, тескерисинче өздөрүнүн абийирин, денгээлин көрсөтүп жатканы айдан ачык.

Жапаровдун аялы Айгүл айым тууралуу жалган ушак жараткандар Мадумаров жана Сапар Исаковду, Алмазбек Атамбаевди  буга чейин айга күнгө теңеп, мактаган троллдору экени билинди.

Алардын жеке аккаунттарына баш бакканда буга чейин жогоруда аталган саясатчыларды президент болушу керек деп жар салгандар. Ал эми азыркы тапта ошолор эле Айгүл Жапарова тууралуу ушактарды тарата баштады.

Ушак тараткандардын чыныгы жүзү жакында ачылып, эл алдында уяты чыкпаса болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button