Коом

“Кыргызалтын” Сenterra компаниясынын 29 млн доллар которуулар боюнча айыптоосуна жооп берди

“Кыргызалтын” ААК канадалык Сenterra Gold Inc. компаниясынын аталган кыргызстандык ишкана тарабынан 12-майда 29 миллион доллардай которуулар боюнча айыптоосуна жооп берди.

“Кыргызалтын” ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, 12-майда жана кийинки күндөрү эч кандай финансылык операциялар жүргүзүлгөн эмес.

“Ошондой эле кыргызстандык ишкана жасалма төлөм документтер менен алектенбейт. “Кыргызалтын” ар дайым мыйзамды сыйлайт жана атагы чыккан, кадыр-баркы жогору баалаган акционердик коом болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкарууну киргизүү боюнча токтом кабыл алган. Мындан улам “Кыргызалтын” 12-майда каржы операцияларды “Кумтөр Голд Компани” менен жүргүзгөн эмес.

“Кыргызалтын” Сenterra Gold Inc. ишканасын мындан ары негизсиз айыптоолордон алыс болууну суранат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button