Коом

Атамбаевдин бийликти мокочо көрсөтүү аракети Мискенбаев жана “жүзү жок” фейктер аркылуу жүргүзүлүүдөбү?

Атамбаевдин “жугундусун ичкен” блогерлер  жана   жүзү  жок     фейктердин армиясы   азыркы бийликти  жек көрүндү  кылуу   үчүн   чоң “согушун” баштады,- деп жазды “Казат” маалымат булагы.

Троллдор армиясы   бийликтин ар бир   жаңылып жазганын, долбоорлорун көз жаздымда калтырбай, тепкилеп  жатышат.  Ток этер жерин айтканда   азыркы президенттин  жана анын  айланасындагыларды    коомчулукка     мокочо көрсөтүү үчүн жан үрөп,  тер төгүүдө.

Мындай жагдайда   АШАнын жашоосунун маңызы — Сооронбай Жээнбековдон өч алуу   тууралуу   кыялын   унутта калтырууга болбойт.

Жээнбековду камакка алуу  талабы,   эч далилсиз эле Жээнбековдор Жапаровдун президенттик шайлоо кампаниясына  10 миллион доллар  бергендиги тууралуу “өрдөктөр” АШАнын оозун караган  “троллдору” тарабынан   колдон келишинче   таркатылууда.  А түгүл Мелис Аспеков сыяктуулардын  “мүмкүнчүлүктөрүн” да көз жаздымда калтырышпай, пайдаланып жатат.

Кече жакында эле  Мээрбек Мискенбаев  өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу  «Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин аркасынан бычак урган.   Ыңгайлуу учур  келсе   азыркы  бийликтин  далысына да бычак урат. Андыктан Жээнбеков тезинен   камалышы керек   деген  “оорукчал” фантазиясын  жарыялады.

Коомсулукта камгактай салмагы жок, Мээрбек  гениалдуу сунуш айтып койгонсуп,  анын  айткан сөзүн  блогерлер,    АШАга “адвокат” болгон  айрым сайттар жана  айрым телеканалдар, буга  кошумча   фейктер ай ааламга жар салып чыкты.

Биринчиден, баарыбыз байкап тургандай  Садыр Жапаровдун далысына  бычакты  АШАнын   “аткошчулары” жана  миң сандаган   троллдору  “матырып” жатат.  Муну байкоо үчүн өзгөчө көрөгөч болуунун деле кереги жок.  Фейсбукту ачсаң эле, баары  алаканга салгандай  кашкайып көрүнүп турат.

Экинчиден, Мискенбаев Жээнбековдун былык иштерин, кайсыл кылмышы үчүн камаш керек экендигин ачык эле айкырып чыкмак. Анын кумири Атамбаев  улуттук долбоорлор деген  атка жамынып алып,   ири коррупциялык  иш аркеттер менен шугулданганы коомчулукка  маалым.

Атамбаевден айырмаланып   Жээнбековдун чет өлкөдө  эсептери,  Европада   кыймылсыз мүлкөтрү  жана Бишкектин экологиялык жактан таза райондорунда “хан сарайлары”,   брондолгон  автоунаалар  гаражы жок.

АШАны негизси жактап  жаткан троллдор командасы кыйкырып жаткан  кезде Атамбаев өзү баш болгон “салмактуулары”   Ниязов, Кармушкина,  адвокаттары   “балык болуп “, дымып отурганында бир мандем бар.  Булар    үн катпай,    азыркы бийликти колдоп жаткандай түр көрсүтүшкөнү менен  үйрөнгөн  адаттары боюнча    көшөгө артында баягы эле интриганын казанын “боркулдатып”  кайнатып жатканы турган иш. 

Булар дале Атамбаев  эркиндикке чыгып  эски досу Жээнбековду  түрмөгө  тыгат деп үмүт артышууда.  Анын үстүнө  убакыт өткөн сайын  баары унутулуп,   экстер   эстен чыгып,  жаңы адамдар кызыгуү жаратары мыйзам ченмдүү көрүнүш.

Ал эми Мискенбаев сыяктуулардын анда-санда    кыйкырып чыгышы — бул Атамбаев доорунун бүтүп бараткандагы акыркы жандалбасы. Атамбаевдин  жашоосунун маңызы  -кандай жол менен болсо да Жээнбековдон өч алып,    аны менен бирге азыркы бийликтин үстүнөн жугунду төгүүнү улантуу. Анткени, хандык жана “аталык” тууралуу ой Атамбаевдин жана  анын   акырынан  жем жегендердин кыялынан   кете элек.

Булак: Казат сайты

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button