Таласта Бакай-Ата районундагы айылды суу каптады

25-майда кечки саат 7ге жакын кыска мөөнөттө катуу жааган жаандын кесепетинен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагындагы Түйтө айылында сел жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 37 турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен мектепти да суу каптаган.

Ал эми Талас районунун Бердике айыл аймагындагы 70 гектар айдоо жерди сел алган.

Сел жүргөн аймакка ӨКМдин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды. Ошондой эле селдин кесепетин жоюуга 50гө жакын айыл тургундары катышууда.