Окуялар

Россияда кыргызстандык мигранттын үйүнөн өрт чыгып, эки бөбөк көз жумду

Ишемби күнү, 22-майда, Москва облусунун Мытищи шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эки кыргызстандык бөбөк көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Алар беш жана жети жаштагы балдар экени айтылат.

Бул факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Мытищи шаарындагы бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Москва облустук прокуратурасы аталган кылмыш ишин иликтөөнү көзөмөлүнө алганы белгиленет.

Элчиликтен азыркы тапта балдардын сөөгүн мекенине алып келүү иштери уюштурулуп жатканын айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button