Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар бала изделүүдө. ФОТО

Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен 11 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Терс айылынын тургуну, 2010-жылы туулган эркек бала Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып, мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

Жерине 15 куткаруучу тартылып, 8 чакырым суунун жээгин издөө иштерин жүргүзүлдү.

Бүгүн, 26-май күнү издөө иштери улантылат.