Кыргызстан-Венгрия аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду

2021-жылдын 25 майында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Г.Абдралиева Венгрия мамлекетинин элчиси Шандор Дороги менен эки ѳлкѳ ортосунда авиа рейс ачуу маселеси боюнча жолугушуу ѳткѳрдү.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары А.Турганбаев, министрликтин астындагы авиация агенттигинин директору Б.Джунушалиев, “Манас Эл аралык аэропортунун” директорунун орун басары А.Бусурманкулов жана башкалар катышты.

Элчи менен  жолугушууда министр ѳлкѳ жетекчилиги эки ѳлкѳ ортосунда ачыла турган авиа рейстерге ѳзгѳчѳ маани бере тургандыгын жана бул маселе Венгрия Республикасынын Тышкы иштер жана соода министри Петера Сийярто Кыргызстанга келгенде дагы ѳзгѳчѳ маани берилгендиги айтылып ѳттү.

Ошондой эле Г.Абдралиева министрлик тарабынан ичара макулдашуудан кийин, Венгрия жана Кыргызстан ортосундагы аба байланыш тууралуу  ѳкмѳт аралык макулдашуунун долбоору Венгрия тарапка жѳнѳтүлгѳндүгүн баса белгиленди. Виза каттам ачылып калса туристтик тармактын ѳнүгүшүнѳ ѳзгѳчѳ импульс берилерин баса белгиледи.

Элчи Шандор Дороги ѳз учурунда министрге “Визз Эйр” компаниясынын ѳкүлдѳрү дагы келишерин, авиа рейстин ачылышынын техникалык, коммерциялык маселелерди үстүндѳ иш алып бараарын айта кетти.

Ѳткѳн жылдын аягында Мамлекеттер ортосундагы Жогорку жетекчиликтердин ѳткѳргѳн жолугушуусунун натыйжасында кол коюлган стратегиялык ѳнѳктѳштүк декларациясы эки ѳлкѳнүн жарандарына маданият-гуманитардык,соода-экономикалык жана транспорт тармактары жактан чоң мааниге ээ экенин белгилеп ѳттү.

Бишкек шаары Европа мамлекеттеринин жарандарынын жана туристтеринин ичинде ѳзгѳчѳ орунда экенин жана Венгриянын Премьер-министри авиа каттамдын ачылышы эки элдин достук мамилесин дагы ѳрчүтѳрүн жана каттамдар ачылып калса биринчи этапта бир жумада эки рейс менен баштап андан кийин кѳбѳйтүлѳрүн  айта кетти.

Г.Абдралиева ѳз учурунда элчиге терең ыраазычылыгын билдирип министрлик бардык колдон келген жардамды ар тараптан кѳрсѳтѳѳрүн жана  “Визз Эйр”  компаниясынын ѳкүлдѳрү менен каттамдарды ачуу боюнча деталдуу сүйлѳшүүгѳ даяр экендигин жана маалымат катары эгерде Венгрия тарап кызыктар болсо Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жакта жайгашкандыгын жана келечекте бешинчи даражадагы эркин аба каттамдары аркылуу транзиттик авиахаб ачууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айта кетти. Ошондой эле бул демилге кызматташтыктын алкагында ар тараптан колдоого алынаарын айты. Тараптар мындан аркы кызматташууну ѳнүктүрүүнү макулдашышты.