Коом

Баткендин чек арадагы айылдарынан 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга кетти. ФОТО

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында 28-30-апрель күндөрү болгон окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Балдардын эс алуусу өлкө президентинин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашууда.

«Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, алты мугалим он күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат. Андан соң балдар Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан «Семетей» лицейинде дагы 15 күн эс алышат», — деп айтылат маалыматта.

Балдарды өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, район-шаарлардын жетекчилери узатышты. Бүгүн Ош аэропортунан Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна учушат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button