Коом
Коронавирус. 383 кишиден аныкталып, дагы 7 бейтап каза болду

Бир суткада 383 кишиден вирус аныкталып, дагы жети бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 177,
Ош шаары — 38,
Чүй облусу — 78,
Ош облусу — 20,
Талас облусу — 4,
Нарын облусу — 10,
Ысык-Көл облусу — 28,
Жалал-Абад облусу — 22,
Баткен облусу — 6 .
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Ысык-Көл облусунда эки бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 106 миң 223 киши вируска чалдыгып, 1 миң 837 бейтап көз жумду.



