ИИМ: Генерал Кемелбек Киязов алтын медалдын ээси болду

2021-жылдын 3-июнь күнү  саат 10:00до Эл аралык алимпиадалык Комитеттин имаратында 42,2 км аралыкта чуркоо боюнча Шанхай Кызматташтык Уюмунун «Run the Silk Road» Ысык-Көл IX эл аралык марафонунун акыркы эсептөөсүнүн жыйынтыгы менен 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөрдү дипломдор жана медалдар менен сыйлоо аземи болуп өттү. Бул эл аралык марафон Чолпон-Ата шаарында 35 өлкөдөн келген  3000 спортчунун катышуусунда өткөн.

Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды.

Биринчи орунду кыргыз милициясынын отставкадагы генерал-майору Киязов Кемелбек Абдыкадырович  (убактысы-4 саат 13 мүнөт 33 секунд) ээлеп, алтын медаль, диплом менен сыйланды.

Экинчи орунду Сыдыков Мендибек (убактысы-4 саат 13 мүнөт 39 секүнд) багындырып, күмүш медаль, диплом менен сыйланды. Үчүнчү орунду Абдазов Турдумамат (убактысы-4 саат 13 мүнөт 59 секунд) ээлеп, коло медаль жана диплом менен сыйланды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Казакстандан келген марафончу Эл аралык марафондун эрежелерин бузгандыгы үчүн анын көрсөткүчү  жокко чыгарылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, казакстандык марафончу жаракат алгандыктан, дарыгерлерди чакырып, медициналык жардам алган жана тез жардам унаасы менен финишке жеткени аныкталган.

Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов 65 жашта болгонуна карабастан, чуркоону  сүйүүчүлөр арасында мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Ал 3 эл аралык марафонго катышкан. Биздин генералга бекем ден соолук, узак өмүр жана спортто көптөгөн ийгиликтерди багындыра беришине тилектешпиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы