Бүгүн Кыргызстан – Мальдив аралдарынын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Мальдив аралдарынын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргыз футбол биримдигининин маалыматына караганда, оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, беттеш саат 20:00дө башталат.
Күйөрмандар үчүн Кыргыз футбол биримдиги жана өнөктөштөрү тарабынан шоу-программа уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулат. Башкы байге катары iPhone 18 Pro смартфону коюлган.
Ошондой эле күйөрмандар арасында Кыргыз футбол союзунун спорттук кийимдери жана футболдук формасы, квадроцикл менен сейилдөөгө сертификаттар жана өнөктөштөрдүн белектери ойнотулат.
Беттештин өзгөчө учуру катары балдар онкологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан Эржан аттуу жаш күйөрмандын тилеги орундалат. Ал улуттук кураманын футболчулары менен бирге оюн талаасына чыгат.



