Айдоочуларга эскертүү! Эртең Бишкекте “Маяк” рейддик иш-чарасы өтөт

Эртең, 10-июнда Бишкекте “Маяк” аталышындагы рейддик иш-чара өтөрүн Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара жаркыраган маяк жана бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, айдоочуларга атайын бийик үн чыгаргычтары бар унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү эскертүү үчүн өткөрүлөт.

“Тез жардам, ыкчам кызматтар сыяктуу атайын унааларга жол бошотпогон айдоочуларга Бузуулар жөнүндө кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде айып пулдар салынат”, – деп айтылат маалыматта.